УКМКнын алдында ДНК-лабораториясы иштеп баштады

УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жылда 40ка жакын экспертиза жүргүздү.Атайын кызмат бир жылдан бери өлкөдө алгачкы жолу адистештирилген ДНК-лабораториясы иштеп жатканын билдирди.

Лаборатория оор жана өзгөчө оор кылмыштарды иликтөөдө, ошондой эле сот чечимдеринин негизинде жарандык иштерде колдонулууда.

Керектүү жабдуулар өнөктөштөр тарабынан кайтарымсыз берилген.

Лабораторияда кан, чач, шилекей жана башка биологиялык издер аркылуу адамдын өздүгү аныкталып, далилдер такталат.

Лабораториянын адистери Кытай жана Россиянын адистештирилген борборлорунда окуудан өтүп, практикалык тажрыйба топтошкон.

Атайын кызмат лабораторияны ачууда бюджеттен акча коробогонун айтып, бирок каржылоо булагын так көрсөткөн жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *