Каржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт

Каржы министрлиги «Электрондук аудит» аттуу жаңы санариптик системаны ишке киргизди.

Министрликтин өзүнүн IT-адистери иштеп чыккан платформа 1-апрелден тарта пилоттук режимде иштеп жатат. Эгер мурда аудиторлор текшериле турган мекемелерге өздөрү барып, убакыт менен кошумча чыгым талап кылынса, эми каржылык көзөмөлдүн негизги бөлүгү аралыктан жүргүзүлөт.

Жаңы система тобокелдиктерди талдоонун негизинде кайсы уюм текшерилерин өзү аныктайт, маалыматтарды бухгалтердик жана мамлекеттик системалардан түз алып, 30дан ашык индикатор аркылуу мүмкүн болгон мыйзам бузууларды реалдуу убакытта чыгарат. Каржы министрлигинин айтымында, бул ыкма мыйзам бузууларды кийин эмес, бюджетке зыян келтириле электе аныктоого шарт түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *