Салык кызматы алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкасын жогорулатты

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тарта алкоголдук продукцияга салынган акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомго жогорулаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети 2025-жылдын 18-декабрында токтом кабыл алган. Анда 2026-жылдан 2029-жылга чейин аталган продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11 айында Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн алкоголдук продукциядан бюджетке 3 млрд 448,3 млн сом акциз салыгы түшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *