Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз жыйынтыгын берүүдө.
Бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда.
Негизги көрсөткүчтөр:
Ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбалары – 66
Жалпы мал саны: 8 406 баш
Асыл тукум кой чарбалары – 75
Малдын жалпы саны: 24 759 баш
Асыл тукум жылкы чарбалары – 35
Жалпы саны: 1 725 баш
Асыл тукум эчки чарбалары – 5
Жалпы саны: 2 704 баш
Асыл тукум топоз чарбалары – 5
Малдын саны: 1 224 баш
Асыл тукум канаттуулар чарбалары – 2 Жалпы саны: 281 миңден ашык канаттуу
Бул көрсөткүчтөр асыл тукум мал чарбачылыгы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана экспорттук потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын айгинелейт. Өзгөчө кой жана ири мүйүздүү мал багытындагы чарбалардын көптүгү эт жана сүт продукцияларынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.
Министрлик асыл тукум чарбаларды өнүктүрүү, фермерлерди колдоо жана заманбап технологияларды киргизүү багытындагы иштерди мындан ары да улантарын белгилейт.
