Кыргызстанга күйүүчү май ташыган кытайлык айдоочуларга убактылуу визасыз режим киргизилди

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, өлкөгө дизель-бензин ташыган кытайлык айдоочулар Кыргызстанга визасыз кирип, беш күнгө чейин жүрөт алат. Алар беш күн өткөнгө чейин Кыргызстандан кайра чыгып кетиши керек. Болбосо аларга миграциялык мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бензин менен дизелди жана башка күйүүчү майларды адатта Россиядан сатып алып келген. Бирок Россиянын өзүндө тартыштык болуп жаткандыктан, Кыргызстан күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытайдан сатып ала баштады. Кытайдан сатып алынган күйүүчү май жер аркылуу унаа менен ташылып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *