Кыргызстан ШКУга төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди

Кыргызстан 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгын жыйынтыктап, уюмга төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгында жарыяланды.

Кыргызстандын төрагалыгы «25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураан алдында өттү.

Бишкек саммитинде 25 жылдык Бишкек декларациясы жана дагы 27 документ кабыл алынды. Алар коопсуздук, баңгизатка каршы күрөш, жасалма интеллект, энергетика, транспорт, логистика, климат жана экология маселелерин камтыйт.

Эми ШКУга төрагалыкты Пакистан жүргүзөт. Ал эми пакистандык Лахор шаары 2026–2027-жылдарга ШКУнун туристтик жана маданий борбору деп жарыяланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *