Кыргызстандыктар Таиландда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат

15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалыматында айтылган.

Жаңы тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга баруу үчүн 15 күндүк виза алышат. 15-сентябрдан кийин мунун зарылдыгы болбойт.

Таиланддын жарандары да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *