Кыргызстанда чет элдик номурдагы 5,5 миңден ашык унаа легалдаштырылды

Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номур менен жүргөн унааларды кошумча легалдаштыруу өнөктүгү аяктады.

Жыйынтыгында 5 531 унаа легалдаштырылып, мамлекеттик каттоодон өттү. Алардын ичинен 48и оң рулу сол рулга өткөрүлгөн («перекид») унаалар.

Легалдаштырылган унаалардын:

4 870и — кыймылдаткычы 2 000 см³ чейин;
661и — 2 000 см³дөн жогору.

Бардык унааларга Кыргызстанда «10» аймактык коду бар мамлекеттик номерлер берилди.

Өнөктүк Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген жана мурда өлкөдө каттоодон өтпөгөн унааларга тиешелүү болгон. Бир жаран бир гана унааны легалдаштыра алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *