Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Килиманджаро чокусуна 10-январда саат 5:42де Эдуард Кубатов 16 адамдан турган өз тобу менен бийиктикти ийгиликтүү багындырышкан.


Кубатов аба-ырайы өтө татаал болгондугун айтып жана өз командасы менен сыймыктанаарын кошумчалады. Долбоор өлкөбүздү таанытууга жана альпинизмди жайылтууга багытталган. “Бул жеңишибиз Кыргыз альпинизм федерациясына арналат. Эрдигибиз бизди калтырбасын!”-деп жазган Эдуард Кубатов.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *