Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.


Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.


Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агро-өнөржай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *