Кардиология тармагындагы эки оорукананын жетекчилери кызматтан алынды

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Самидин Шабыралиев кызматтан алынды.

Мындай чечим аталган мекемелерде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарынан кийин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов тарабынан кабыл алынды.

Текшерүү учурунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда ангиографтардын иштебей турушу, коронароангиографиянын өз убагында жүргүзүлбөгөнү, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын жеткиликсиз экени аныкталган.

Министр борбор үчүн 28 млн сомго дары-дармек сатып алуу боюнча өтүнмөнүн негиздүүлүгүнөн күмөн санап, директордун акыркы эки жылда 45 жолу чет өлкөгө чыкканын жана 2 млн долларга бааланган мүлк боюнча суроолорду көтөрдү.

Ал эми Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунда медициналык жабдууларды сактоо жана пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталып, операциядан кийин бейтаптардын кайрадан жеке клиникаларга кайрылган учурлары көбөйгөнү айтылды.

Министр эки мекеменин ортосунда кызматташуунун жоктугун сынга алып, ооруканалардагы шалаакылык адам өлүмүнүн өсүшүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

Кызматтан алынган жетекчилердин ордуна чет өлкөдө иш тажрыйбасы бар билимдүү адистерди тартуу боюнча аракеттер көрүлмөкчү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *