Миграция министрлиги Орусияга иштөөгө бараткан жарандар үчүн миграциялык эрежелерди эске салды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга миграциялык талаптарды эскертти. Сапарга чыгар алдында migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесин текшерүү сунушталат.

Орусияда мыйзамдуу жүрүү үчүн өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү керек. Ошондой эле 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча миграциялык каттоого туруу талап кылынат.

Москва жана Москва облусуна келген жарандар каттоого «Амина» тиркемеси аркылуу турушу керек, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте катталат. Иш берүүчү менен келишим түзүлгөндөн кийин 90 күндүн ичинде анын негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *