Экономика жана коммерция министрлиги Президент Садыр Жапаровдун тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларын ишке ашырууга киришти. Бул иштер «Ынтымак Ордо» резиденциясында жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен өткөн кеңейтилген жолугушуудан кийин башталды.
Жыйынга ишкерлер, жүн иштетүүчүлөр, Wildberries өкүлдөрү, логистикалык компаниялар жана тармактык мамлекеттик органдар катышкан. Президент тигүү тармагы калкты массалык түрдө жумуш менен камсыздап, экспорттун өсүшүнө шарт түзөрүн белгилеп, өндүрүүчүлөргө тоскоол болгон барьерлерди тез жоюуну тапшырган.
Президенттин тескемелерин аткаруу алкагында министрликте замминистр Беназир Нурланованын жетекчилиги менен кеңешме өтүп, ишканалардын көйгөйлөрү талданды. Учурда секторду системалуу колдоо боюнча сунуштар даярдалып, ишкерлер көтөргөн маселелердин баары ишке ашырууга алынганы айтылды.
