« Негизги өзгөрүү — муктаждыкты аныктоодо колдонулган кепилденген минималдык киреше 1000 сомдон 500 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул көрсөткүч үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу бар же жок экенин аныктоодо негизги роль ойнойт», — деп жазат Economist.kg сайты.
Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 29-июнундагы №307 токтомуна киргизилди. Жаңы нормалар жөлөкпул берүү тартибин жана муктаждык критерийлерин тактайт.
Эми жөлөкпул үй-бүлөнүн жашоо шартын текшергенден кийин, расмий кирешесин баалоонун негизинде гана дайындалат.
Жөлөкпул алуу укугу аз камсыз болгон, балдары бар үй-бүлөлөргө сакталат.
Кошумча талаптар -үй-бүлөдө эмгекке жарамдуу адам жок болушу керек же ал адам кирешесиз болушу же оор турмуштук кырдаалда жашашы керек.
Ошондой эле, мурда 16 жашка чейинки балдар эсептелсе, эми 15 жашка чейинки балдар гана эске алынат.
Жалпысынан, мамлекет жардамды эң муктаж үй-бүлөлөргө багыттоону күчөтүүдө. Ошол эле учурда жөлөкпул алуу шарттары мурдагыга караганда катаалдашты.


