Ички иштер министрлиги мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбын угузду.
ИИМ Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганын билдирди.
Айдарбеков министр болуп турганда айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген.
Акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Айдарбековго өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.


