2026-жылдын 14-апрелинде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор тааныштырылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ишкананын директору болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалды.
Бул дайындоо ишкананын башкаруу потенциалын күчөтүүгө жана анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууларды жакшыртууга багытталган.


