Россия Донбасты толугу менен талап кылууда

Орусия Украина жана АКШ менен БАЭде өтүп жаткан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Донбасстын бүт аймагын берүүнү кайрадан талап кылууда. Бул тууралуу Reuters Кремлге жакын булакка таянып жазды.

Москва Донбасска кирген, бирок төрт жылга жакын согушта басып ала албаган аймактарды да өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Булактын айтымында, орус тарап «Анкоридж формуласы» деп аталган схеманы жылдырууда. Кремль бул план 2025-жылдын августунда Дональд Трамп менен Владимир Путин ортосунда макулдашылганын айтууда. Ага ылайык, Донбасстын баары Орусияга өтүп, фронттун башка тилкелери «тоңдурулушу» керек.

Эксперттер Москва азыр мурдагыдан да катуураак позицияны карманып жатканын белгилешет. Себеби АКШ менен НАТО өлкөлөрүнүн ортосунда, айрыкча Гренландия маселесинен улам, чыңалуу күчөдү.

Аналитик Жон Лоунун айтымында, Путин Трамп Москвага олуттуу басым жасабайт деп эсептеп, өзүн ишенимдүү сезе баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *