Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парады аскердик техниканын катышуусу жок өтөт

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирип, мындай чечим учурдагы ыкчам кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын маалымдады.

Парадга ошондой эле суворовдук аскер окуу жайларынын, нахимовдук окуу жайлардын жана кадеттик корпустардын тарбиялануучулары катышпайт. Коргоо министрлигинин тактоосуна ылайык, жөө колоннанын курамында Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн бардык түрлөрү жана өзүнчө аскер бөлүктөрүнүн жогорку аскердик окуу жайларынын кызматкерлери катышат.

Түз эфирде аскердик операцияга катышып жаткан, ошондой эле согуштук нөөмөттө жана кызматта турган Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн бардык түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлеринин иши көрсөтүлөт. Алардын катарында Стратегиялык багыттагы ракета аскерлеринин, Аба-космостук күчтөрдүн башкаруу пункттарындагы жана Аскер-деңиз флотунун кемелериндеги эсептоптор бар.

Параддын авиациялык бөлүгү пландалган бойдон калууда. Министрликтин маалыматына караганда, Кызыл аянттын үстүнөн Орусиянын пилотаждык авиагруппаларынын учактары учуп өтөт. Параддын соңунда Су-25 чабуул коюучу учактары Москванын асманын Орусиянын желегинин түстөрүнө боёт.

Апрель айынын башында Telegram-каналдарда Москвадагы 9-май парады жокко чыгарылышы мүмкүн деген маалыматтар тараган. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков парад сөзсүз өтөрүн билдирген. Ошол эле учурда ал анын форматы тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин белгилеген.

Буга чейин Москвадагы Жеңиш парады аскердик техникасыз акыркы жолу 2007-жылы өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *