Калаа башчысы Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундарын жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.
«Биз шаарды өнүктүрүп, жашоого ыңгайлуу жана коопсуз кылууга аракет кылып жатабыз», — деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарына 148 жыл толду. Өлкөнүн борбору алгач Пишпек, кийин Фрунзе, андан соң Бишкек болуп өзгөргөн.


