Бүгүн, 29-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген Гүлчө шаарындагы абалды өз көзөмөлүнө алууну суранды.
Анын айтымында, шаарга кошумча күчтөрдү жөнөтүү керек.
«Жергиликтүү бийлик, ӨКМ кызматкерлери болгон аракеттерин жумшап жатат. Бирок ал дагы жетишсиз болуп жатат. Кошумча техника, каражат менен кырдаалды жөнгө салбаса болбойт”,-деди депутат.


