Бул тууралуу кыймылдын координатору Зульфира Хабибулина билдирди.
Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө мэриядан уруксат алынды жана иш-чара сөзсүз өтөт.
«Сапка тизилүүнү жарыялайбыз! “Өчпөс полк” жүрүшкө чыгат!»
— деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулар чогулуу убактысы жана жүрүштүн багыты тууралуу маалыматты кошумча билдирерин белгилешти.
Салтка ылайык, «Өчпөс полк» акциясы жыл сайын 9-майда өтүп, ага миңдеген адамдар катышат. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышат.


