500 окучууга ылайыкташкан мектепте 2000ден ашуун бала 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Датка айылынын депуттары эл өкүлү Улан Примов менен болгон жолугушууда билдиришкен.
Депутат Улан Примов бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында бул көйгөйдү эртелетип чечүүнү өтүндү. Анын айтымында, жергиликтүү калк көп жылдар бою мектеп жана бала-бакча үчүн жерди трансфармациядан өткөрүп, кошумча имараттын курулушун күтүп келишет.
“Бул менен бирге ушул эле аймактагы Таштак айылында да мектеп маселеси курч бойдон калууда. Мектеп 30 жыл мурун ашар жолу менен курулган. Бул жерде да ушул эле маселе. 2 гектардан ашуун жерди эл көздүн карегиндей сактап отурат, мектеп жана бала бакчанын курулушун тездетип берүүңүздөрдү суранам”,— деди эл өкүлү.


