ИИМден алар 60 жаштагы А.К жана 58 жаштагы К.А. деп билдиришти. Сүрөт менен инициалдарынан алардын ИИМдин мурдагы орун басар министри Курсан Асанов жана мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев экендигин таанууга болот.
Кармалгандардын жашаган жерлери тинтүүгө алынган.
Эске салсак, буга чейин кайрылуу жасаган 75 кишинин ичинен үчөөнө массалык башаламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, шектүүлөр камакка алынган.
Милиция алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенгендери айтылды.

