Казакстандын бийлиги Орусиянын Юлия Емельянованы экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырды. Ал РФда таксисттен 12 миң рублдик телефон уурдоого шектелүүдө. Маалыматты “Согушка каршы комитет” таратты.
Активист 2025-жылы Алматы аэропортунда кармалган. Адвокат Мурат Адам бул иш “саясий негизде козголгон” деп эсептейт. Анын айтымында, сөз болуп жаткан сумма “күлкүлүү”, ал эми Емельянова мурда Санкт-Петербургдагы Алексей Навальныйдын штабында ыктыярчы болгон.
Коргоо тарабы чечимге даттанарын билдирди. Анткени Казакстанда анын саясий башпаанек алуу боюнча арызы дагы деле каралууда.
Буга чейин Казакстан Орусияга саясий өңүтү бар делген иштер боюнча дагы бир нече адамды өткөрүп берген.

