Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандарына болушунча сак болуу сунушталат:
-Жеке коопсуздук чараларын так сактап, эл көп чогулган жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийликтин талаптарын так аткаруу зарыл.
-Дайыма өздүгүн тастыктаган документтерди алып жүрүп, расмий маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөп туруу керек.
Министрлик жарандарды Иранга убактылуу барбай турууга чакырат.
АКШ менен Израил 28-февралда биргелешип Иранга сокку урганындан бери Жакынкы Чыгышта кырдал дагы эле курч бойдон калууда.

