«Көкпар» боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстан катышпайт

Кыргызстандын «Көк бөрү» федерациясынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаровдун айтымында, уюштуруучулар мелдешке 10 күн калганда гана чакыруу жиберишкен.

Мындай кыска убакытта аттарды даярдап, курама команданы чогултуу мүмкүн болбогондуктан турнирге катышпоону чечишкен.

Ошондой эле учурда Кыргызстандагы клубдар Ноорузга карата өтө турган «Көчмөндөр оюндарына» тандоо турнирине даярданып жатышат. Мындан улам команда жетекчилери аттарын жана оюнчуларын бошото албай турганы айтылды.

Абдыкапаров белгилегендей, эгер чакыруу эки-үч ай мурда келгенде мелдешке даярданууга мүмкүнчүлүк болмок.

Көкпар боюнча дүйнө чемпионаты 15–21-мартта Казакстандын Түркстан шаарында өтөт. Мелдешке Афганстан, Кытай, Казакстан, Венгрия, Монголия, Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Түркия катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *