Кыргызстанда ар бир экинчи өспүрүм онлайн кодулоого кабылат

Кыргызстандын Агартуу министрлигинде балдар жана жаштар арасындагы кибербуллинг (онлайн кодулоо) маселесине арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарага министрдин орун басары Лира Самыкбаева, билим берүү адистери жана эксперттер катышты.

Таалим-Форум коомдук фонду жүргүзгөн изилдөөгө ылайык:
Кыргызстандагы 7 облустан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 2096 жаш катышкан.
Натыйжада акыркы бир жылда ар бир экинчи өспүрүм онлайн агрессияга туш болгону аныкталган.

Адистер айрым жаштар үчүн мындай терс санариптик жүрүм-турум «нормага» айланып бара жатканын белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *