Датка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары парламентте

Эл өкүлү Улан Примов Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолукту.

Жолугушууда Датка айылындагы жүрүп жаткан иштер, социалдык-экономикалык көйгөйлөр тууралуу маалыматтар айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды.

Улан Примов буга чейин аймактын бир нече маселелерин жогорку трибунадан көтөрүп келе жатканын жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү эл өкүлдөрү менен бирге аракеттерди улантарын белгиледи.

Мындан сырткары жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзам чыгаруу ишинин негизги багыттары, мыйзам долбоорлорун кароо тартиби жана комитеттердин жана фракциялардын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *