Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегарини кабыл алып, аймактык туруктуулукка болгон негизги коркунучтарды талкуулашты.
Көңүл борборунда Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар жана алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийгизген таасири болду. Тараптар тышкы тобокелдиктерди азайтуу жана аймактагы тынчтыкты чыңдоо үчүн күч-аракеттерди айкалыштыруу зарылдыгын ырасташты.
Ошондой эле дипломаттар ШКУ форматындагы өз ара аракеттенүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусуна даярдык көрүү маселелерин козгошту. Шанхай кызматташтык уюмунун аянтчасы жамааттык коопсуздук маселелерин чечүүдө жана трансчекаралык чакырыктарга каршы күрөшүүдө маанилүү курал бойдон кала берери белгиленди.


