Бул чет өлкөнүн номуру тагылган унааларга тиешелүү.
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда катталбаган бардык автоунааларды мажбурлап утилизациялоо боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Министрлик чет өлкөлүк номурлуу унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө, тетиктерге ажыратууга же утилизацияга тапшырууга уруксат берүүнү сунуштоодо.
Учурда республикада мыйзамдаштырылбаган 2,5-4 миңдей автоунаа бар.


