Пакистандын борборундагы 21 сааттык оор дипломатиялык иш-чарадан соң, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү жылыш болбой, үзгүлтүккө учурады.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 12-апрелдин таңында жабык отурумдан чыгып, диалог «маңыздуу» болгону менен, Тегеран аягында Вашингтондун коопсуздук боюнча негизги талаптарынан баш тартканын жарыялады.
АКШнын вице-президентинин басма сөз жыйыны 12-апрелде эртең менен Пакистандын телеканалынан көрсөтүлдү.
«Биз бул маселенин үстүндө 21 сааттан бери иштеп жатабыз… Биз ирандыктар менен бир катар маанилүү талкууларды жүргүздүк. Бул жакшы жаңылык, жаман жаңылык — биз келишимге жетише элекпиз. Менимче, бул Иран үчүн АКШга караганда алда канча жаман жаңылык»-деди Венс.
Вэнс АКШ администрациясынын «негизги максаты» — Ирандын өзөктүк курал даярдоосуна жол бербөө экенин белгиледи. Ал эки тараптын ортосундагы ажырым кенен деп мүнөздөдү.


