Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү.
Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун күчтүү балбандар катышып, мелдеш аймактагы маанилүү спорттук окуялардын бири болду.
Кыргызстандын курама командасы грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун болду.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун.
Эркин күрөш боюнча 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун болду.


