2025-жылы «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 369 миң 880 туристти кабыл алды

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде музейдин атайын эсебине 21 млн 566 миң 520 сом каражат түшкөн.

Ошондой эле музей кызматкерлери:

  • жаңы экспозицияларды жана көргөзмөлөрдү уюштурушуп,
  • фонд менен иш алып барышкан,
  • маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүшкөн,
  • эл аралык кызматташтыкты кеңейтишкен.

Мындан тышкары, «Сулайман-Тоо» комплексинде экспонаттар санариптештирилип,
материалдык-техникалык база чыңдалып,
аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *