Самокаттардын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүү сунушталды

Бишкекте самокаттардын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүп, эрежени бузган компаниялар жоопко тартылат.

Учурда самокаттардын максималдуу ылдамдыгы 25 км/саат. Бул жөө адамдарга, өзгөчө балдарга, кары-картаңдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кооптуу экени белгиленген. Мындан улам анын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүү сунушталды.

Ошондой эле самокаттарды ижарага берген компаниялар ылдамдык чектегичтерин өчүргөн же айланып өткөн учурда жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мыйзам кайталанып бузулса, келишимди токтотуу чарасы да каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *