ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, ЖРТга даярдануу үчүн иштелген акысыз «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды.

Тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроосу бар, ал эми аткарылган тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти.

Министрлик бул долбоор акы төлөнүүчү даярдоо курстарына мүмкүнчүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлгөнүн билдирди. Кайсы аймактарда колдонуучулар көп экени жана акыркы жумадагы активдүүлүк тууралуу кененирээк маалымат сайтта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *