Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин иши каралууда

Буга чейин саясатчынын жактоочусу Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатканын билдирген.

Ташиев өзү отурумга келген эмес. Сот жабык болгондуктан журналисттер киргизилген жок.

Ташиев менен бирге дагы жети адам айыпталууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган саясатчылар бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *