ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 23-24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
▪️Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
▪️Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Буга байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *