Уюмдун штаб-квартирасында «Walking with the Earth» («Жер менен шайкештикте») деген көргөзмө өтүп жатат. Ага кол өнөрчүлөрдүн эмгеги тартууланганын иш-чаранын кураторлорунун бири Айбек Байымбетов билдирди.
Аталган көргөзмөгө сүрөтчү дизайнер, уз-чебер, этнограф маркум Айдай Асангулованын “Жаңы дем” аттуу эмгеги да көргөзмөгө коюлуп, улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн жана салттуу дүйнө таанымдын терең катмарларын ачып берүүдө. Анын чыгармачылык мурасын шакирттери улантып, жакындары — Клара жана Нуржамал Асангуловалар кийиз студиясынын атынан катышууда.
Көргөзмөнүн дагы бир куратору Миррахим Опош иш-чара Борбордук жана Ички Азиядагы кийиз маданиятынан тартып Чыгыш Африкадагы мал чарбачылык салттарына чейинки көркөм практикаларды бириктирерин айтып берди.


