Буга чейин кайрылуулар текст түрүндө гана кабыл алынчу. Эми аудио кайрылуулар жасалма интеллект аркылуу текстке айланып, тиешелүү депутатка жөнөтүлөт.
Кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балалуу энелер үчүн атайын бөлмө да каралган. Ошондой эле кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы жаңыртылып, процессти ыкчамдатууга шарт түзүлдү.
Төрага Марлен Маматалиев жаңы кабылдаманын ишин текшерип, биринчи болуп келгендерди өзү кабыл алды.


