2026-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстанда алимент боюнча болжолдуу карыз 6 млрд 588,4 млн сомду түздү. Анын ичинен 545,1 млн сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Болот Молдобеков 24.kg басылмасына билдирген.
Негизги көрсөткүчтөр:
• Алимент өндүрүү боюнча аткарууда турган документтер — 58 971;
• Издөөгө жарыяланган карызкорлор — 1 047;
• Ички иштер органдарына жөнөтүлгөн материалдар — 1 623;
• 1 408 материал боюнча кылмыш иши козголгон;
• 982 иш сотко өткөрүлгөн;
• 86 карызкорго айып пул салынып же коомдук жумуштар дайындалган.
Сот аткаруучулар кызматынын маалыматы боюнча, айрым жарандар бир эле арызды бир нече мамлекеттик органга кайталап жөнөтүшөт. Кээ бир учурларда арыз 20дан ашык мекемеге жолдонуп, бир эле аткаруу документи жыл ичинде үч-төрт жолу кайра катталышы мүмкүн.
Алимент өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сот аткаруучуларга аткаруу иштерин ай сайын текшерип, мажбурлап өндүрүү чараларын көрүү тапшырылган.


