Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди кадрдык алмашууларга байланыштуу кабыл алганын айтты.

Бул жеке чечими экенин, эч ким кысым кылбаганын кошумчалады.

Нурланбек Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *