Түштүктө «Маркай» тилкесиндеги мыйзамсыз иштетилип жаткан 8 шахта жабылды

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштеп жаткан 8 шахта жабылды. Алардын тереңдиги 80–120 метрге чейин жетип, коопсуздук талаптары сакталган эмес. Мыйзамсыз тартылган электр чубалгылары да энергетиктер тарабынан үзүлдү.

Адистер мыйзамсыз жана эски ыкма менен кен казуу адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратарын белгилешти. Мындай шахталарда коопсуздук шарттары камсыздалбагандыктан, буга чейин адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуулар кайталанса, тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Көк-Жангак кенинин «Маркай» участогунда мыйзамсыз көмүр казууга каршы атайын рейд 2026-жылдын 10–11-февралында өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызкөмүрдүн, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мыйзамсыз кен казууну токтотуу жана жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдалануу боюнча иштер улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *