11-февралда Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык күн тартиби боюнча сүйлөшүп, гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика жана туристтик инфраструктура тармактарында немис компанияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда Европанын санкциялык саясаты да өзүнчө тема болду. Кулубаев европалык өнөктөштөрдү бул маселеде конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасоого чакырып, чектөө чаралары үчүн так негиздердин жоктугун жана алардын Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө терс таасир бериши мүмкүн экенин белгиледи.

