Кыргызстанда жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө товар ташууларды навигациялык пломбалар аркылуу көзөмөлдөө башталды

Бажы кызматынын билдиришинче, 11-февральдан тартып Кыргызстанда навигациялык пломбалар аркылуу жүктөрдү көзөмөлдөө механизми иштей баштады.

Жаңы талаптар эки же андан көп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу өткөн ташууларга тиешелүү. Пломбалар транзит жана экспорт режиминде ташылган айрым акциздик товарларга (алкоголь, тамеки), ошондой эле кийим-кече, бут кийим, техника жана никотин камтылган продукцияларга колдонулат.

Ташууларды көзөмөлдөөнү ар бир өлкөнүн улуттук оператору жүргүзөт. Кыргызстанда бул милдетти «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК аткарат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *