Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Садыр Жапаров менен аталган мамлекеттин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланды.


Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча сөз болду.


Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктап, ал Бишкекке кайтып келди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *