Кыргызстанда быйыл 50 миң гектар кунарсыз жерге жаңы жайыт үрөндөрүн себүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, үрөн сатып алуу үчүн 60 млн сомго тендер жарыяланды.
Министрлик тарабынан 2023-жылы дээрлик 100 тонна үрөн сатып алынган, алар 10 миң гектар кунарсыз жайытка себилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *