Бишкекте жапайы канаттууларды коргоо боюнча волонтердук миссия өтөт

2-февралдан 6-февралга чейин Бишкек шаарында «Миссия ДОБРО» эл аралык программасынын алкагында жапайы канаттууларды коргоого жана реабилитациялоого багытталган иш-чаралар өтөт.

Программанын негизги окуясы — белгилүү россиялык ветеринар Карен Даллакяндын «Зоо Бишкек» борборундагы иши болмокчу.

Адис браконьерлерден же кырсыктардан жабыркаган канаттууларга операцияларды жасап, консультацияларды берет. Ошондой эле сапардын алкагында кыргызстандык орнитологдор жана ветеринарлар менен тажрыйба алмашуу пландалууда.

Программа 2021-жылдан бери Россотрудничество жана Добро.рф ассоциациясы тарабынан аймактын фаунасын сактоо максатында ишке ашырылып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *