Насвай колдонгондордун 80 пайызы ооз көңдөйүнүн рагына чалдыгышат

Онкологдордун маалыматына ылайык, тилдин, эриндин, ооз көңдөйүнүн жана кекиртектин рагынын 80%га чейинки учурлары насвай колдонуу менен түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты чыңдоо борбору билдирди.

Кыргызстанда насвайды сатууга мыйзам деңгээлинде тыюу салынган эмес. Ал чакан таңгактарда сатылып, тамекидей жыты жок болгондуктан «зыяны жоктой» сезилет. Дал ушундан улам насвай өзгөчө кооптуу — ал чоңдорду эле эмес, балдарды жана өспүрүмдөрдү да өзүнө тартат.

Мындан тышкары, насвайдын өндүрүшү көзөмөлдөнбөйт, курамында адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирген заттар бар.

Адистер насвайдын организмге тийгизген зыянын эскертишет:

Борбордук нерв системасы — кыжырдануу, көңүлдүн чачырашы, депрессия, эс тутумдун начарлашы, баш оорулар;
Жүрөк-кан тамыр системасы — кан тамырлардын тарышы, кычкылтектин жетишсиздиги, жүрөк ритминин бузулушу;
Ашказан-ичеги жолу — уулануу, жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү, ашказан оорулары, гастрит жана жаралар;
Репродуктивдик система — жыныс гормондорунун бөлүнүшүнүн жана активдүүлүгүнүн төмөндөшү;
Ооз көңдөйү — жагымсыз жыт, тиш эттеринин ачышуусу жана оорушу, тиштердин бузулушу, жаралардын пайда болушу.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн насвай физикалык, интеллектуалдык жана психологиялык өнүгүүнүн кечеңдешине жана бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *