Чоң-Алай районунун Буран-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.
Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82 миллион сомду түзөт.
«Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт. “Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүдү “, — деп айтылат маалыматта.
