Жайыл районунда 470 млн сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКка тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталган. Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

